Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:26

Разаков: коррупция боюнча иликтөөнү укук коргоо органдарынан сураш керек


Парламенттин комитетинде депутат Айсулуу Мамашова Бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун тиешеси бар делген ишти иликтөө аягына чыкпай жатканын сындады.

- Жарандар митинге да чыгышты. Мурдагы бажы кызматкери “Раим миллион” коррупциянын башкы символу катары эсептелип жатат. Ушуга силер эч кандай реакция кылбайсыңарбы?

Вице-премьер-министр коррупция боюнча мекеме аралык топ түзүлүп, иштеп жатканын айтты. Депутаттын "укук коргоо органдарынын иликтөөлөрү аягына чыкпай жатат" деген сынына Разаков “азырынча ушундай, аны укук коргоо органдарынан сураш керек”, - деп жооп кайтарды.

25-ноябрда Бишкекте жүздөгөн адамдар борбордук аянтка чогулуп, бийликтен коррупцияга каршы күрөшүүнү талап кылышкан. 21-ноябрда «Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору» (OCCRP) жана анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» маалымат агенттиги чогуу жүргүзгөн «Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо» деген иликтөө жарыяланды.

Анда көпчүлүккө белгисиз Хабибулла Абдукадыр аттуу уйгур үй-бүлөнүн карго компаниясы аркылуу товарларды туура эмес көрсөтүү жана башка системалар менен өлкөгө миллиондогон акча мыйзамсыз кирип-чыгып турганы боюнча маалыматтар бар. Олчойгон ири суммадагы акча каражаттары адалданып турганы да айтылган. Ошондой эле бул иликтөө ал иштерге Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун тиешеси бар экенин ашкереледи.

Журналисттерге бул маалыматтарды жана жүздөгөн документтерди 10-ноябрда Стамбулдагы мейманканалардын биринин кафесинде отурган жеринен киши колдуу болуп өлтүрүлгөн уйгур улутундагы кытайлык ишкер Айеркен Саймаити берген. Ал көзү тирүүсүндө кыргыз бажысындагы чиеленишкен коррупциялык схема боюнча суроолорго да жооп берген.

Журналисттик иликтөө боюнча кийинчерээк Райымбек Матраимов бардык суроолорго жооп берүүгө даяр экенин билдирди. Анын кайрылуусун бир тууганы, Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов 24-ноябрда «Фейсбукка» жарыялады. Райымбек Матраимов «Азаттык» радиосунун иликтөөсүндө айтылган маалыматтар туура эмес экенин кошумчалап, актыгын далилдей аларын белгилеген. (ErN/TSh)

XS
SM
MD
LG