Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:36

WADA комитети Орусияны Олимп оюндарынан төрт жылга четтетүүнү сунуш кылды


WADA.
WADA.

Кызытмага каршы дүйнөлүк агенттиктин (WADA) атайын комитети Орусиянын кызытмага каршы күрөш агенттигин (РУСАДА) Допингге каршы дүйнөлүк кодекстин талаптарына жооп бербейт деп тапты. Ушундан улам ал аталган уюмдун аткаруучу комитетине Орусияны Олимп оюндарынан, эл аралык ири спорт мелдештеринен төрт жылга четтетүү тууралуу сунуш жөнөттү.

Эгер бул сунуш колдоо тапса орус спортчулары эмдиги жылы Токиодогу жайкы Олимпиада оюндарына, 2022-жылдагы кышкы Олимпиада оюндарына Орусиянын желеги менен катыша албай калат. Андан сырткары орус өкмөт өкүлдөрүнө, аткаминерлерге төрт жыл бою Дүйнөлүк кызытмага каршы кодекске кол койгон кеңештерге, комитеттерге жана башка органдарды жетектегенге, мүчө болгонго тыюу салынат. Орусия ошондой эле эл аралык спорттук мелдештерди өткөрүү укугунан төрт жылга ажырайт.

Сентябрь айында WADA РУСАДАга кылмыш ишин козгогон. Анда Кремлди ушул жылдын башында «допингге байланыштуу бурмаланган жалган маалымат берген» деп күнөөлөгөн. Уюм РУСАДАнын Москвадагы лабораториясында кызытмага каршы эрежелер бузулган деген 47 учур иликтенип жатканын билдирген.

Орус спортундагы кызытма жаңжалына байланыштуу РУСАДА 2015-жылы ыйгарым укуктарынан ажыраган. Үч жылдан кийин, 2018-жылы сентябрда орусиялык агенттиктин укугу калыбына келтирилген.

Москва спортто тыюу салынган заттарды колдонууга каршы жүргүзгөн күрөшү аксап келгенин мойнуна алган. Бирок «кызытманы колдонууга жогорку жетекчиликке чейин аралашкан» деген дооматтарды толугу менен четке каккан.

XS
SM
MD
LG