Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:44

Талантбек Исаевге карата сотко чейинки өндүрүш башталды


Талантбек Исаев.
Талантбек Исаев.

Ички иштер министрлигиндеги Мамлекеттик адистештирилген күзөт кызматынын башкы башкармалыгынын башчысы, милициянын генерал-майору Талантбек Исаевге карата иш 320 («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») беренеси менен сотко чейинки өндүрүшкө алынды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет маалымдады.

Атайын кызматтын маалыматына караганда, Исаевдин иши 2011-жылы «Манас Менежмент» компаниясында иштеп турган учурдагы каржылык маселеге байланыштуу иликтенип жатат.

24.kg агенттигине Талантбек Исаев кылмыш иши боюнча комментарий берип, 2011-жылы ал компания менчик болгондуктан эч кандай кызмат абалынан пайдаланбаганын маалымдаган. Талантбек Исаев - Жогорку Кеңештеги Канатбек Исаевдин бир тууган агасы. (TSh)

XS
SM
MD
LG