Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:28

Азербайжандык жана армениялык журналисттер бири-биринин өлкөсүнө барышты


Тоолуу Карабак чатагынын айынан 1988-жылдан тартып эки өлкөнүн ортосунда дипломатиялык алака-катыш жок.
Тоолуу Карабак чатагынын айынан 1988-жылдан тартып эки өлкөнүн ортосунда дипломатиялык алака-катыш жок.

2001-жылдан бери биринчи жолу азербайжандык журналисттердин тобу Арменияга барды, алардын армениялык кесиптештери да Бакуга келишти. Бул иш-чараны эки өлкөнүн тышкы иштер министрликтери Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ) ортомчулугу менен уюштурду.

Азери журналисттери Тоолуу Карабак аймагына барганы, Азербайжанда армян журналисттерин 40ка чейинки адам коштоп кайтарып жүргөнү белгилүү болду.

Тоолуу Карабак чатагынын айынан 1988-жылдан тартып эки өлкөнүн ортосунда дипломатиялык алака-катыш жок.

1990-жылдардын башында Азербайжанда армяндар басымдуулук кылган Тоолуу Карабакты Армения колдогон жикчилдер согуш учурунда ээлеп алышкан. Кандуу кармашта жалпысынан 30 миңдей адам ажал тапкан, жүздөгөн тургундар үй-жайын таштай качкан. Буга байланыштуу эки өлкө бири-бирине эмгиче доомат артып келет жана чатакты жөнгө салуу боюнча дипломатиялык аракеттерден майнап чыга элек.

XS
SM
MD
LG