Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Октябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:24

Олег Сенцов Европарламентте Сахаров сыйлыгын алды


Олег Сенцов.
Олег Сенцов.

Европа парламентинин шейшембидеги жыйынында Орусияда түрмөдө отуруп чыккан украиналык режиссёр Олег Сенцовго Сахаров сыйлыгы ыйгарылды. Ал депутаттардын алдында сүйлөп жатып, бул сыйлыкты Орусиядагы жалпы украиналык саясий туткундардын сыйлыгы катары кабыл алганын айтты.

Европарламент адам укуктары жаатындагы жылына берилчү бул башкы сыйлыгын Сенцовго былтыр дүйнөдө адам укуктарын коргоого «өзгөчө салым кошкону үчүн» ыйгарганын жарыялаган. Ал учурда режиссёр орус түрмөсүндө отурган.

Крымдык Олег Сенцов 2014-жылы жарым аралды Орусия аннексиялап алганына каршы чыккан. Москва аны террорчу деп айыптап, 20 жылга соттогон.

Сенцов ушул жылдын сентябрь айында Украина менен Орусиянын туткун алмашуу жараянынын алкагында орус түрмөсүнөн бошоп, Украинага келген.

XS
SM
MD
LG