Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:39

Бишкек мэриясы организми сезгич кишилерди беткап кийүүгө чакырды


Бишкек.
Бишкек.

Бишкек мэриясы абадагы зыяндуу заттардан сактануу максатында организми сезгич адамдарга бет кап кийип жүрүүнү сунуш кылды. Мындай кайрылуу борбор калаа администрациясынын сайтына жарыяланды.

Адистер «мүмкүн болсо үйдө аба тазалагычтарды колдонуп, терезелерди көп ачпаганга аракет кылыңыздар» деп кеңеш беришүүдө.

АКШнын Кыргызстандагы элчилиги орноткон «Airnow» жабдуусунун маалыматы боюнча ноябрдын башында Бишкек шаары дүйнөдөгү абасы эң булганыч шаардын бири деп табылган.

Буга автоунаалардын газы, үйлөрдүн жана мончолордун мешинен чыккан түтүн себеп болууда. Мэриянын маалыматына ылайык, айрым тургундар мештерге таштанды, желим буюмдарды жагышат. Мунун баары абанын булганышына жана анын сапатынын индексинин жогорулушуна алып келүүдө.

Адатта индекс 0дөн 500гө чейин чыгып-түшүп турат. Көрсөткүч канчалык жогору болсо, аба ошончолук кир экендигин билдирет. Мэрия учурда Бишкекте индекс 50дөн 100гө чейин экенин кабарлады. (SE)

Мэрия таштанды жана желим өрттөгөндөр тууралуу төмөнкү телефон номурларга кабарлап коюуну өтүнөт:

- Мэриянын санитардык-экологиялык патрулу: 0 (312) 65-81-59, 0505 88-83-15 («WhatsApp»);

- Биринчи май району: 0555 40-48-18;

- Свердлов району: 0551 55-17-45;

- Октябрь району: 0707 37-33-73;

- Ленин району: 0500 21-04-70.

XS
SM
MD
LG