Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
бейшемби, 12-декабрь, 2019 Бишкек убактысы 18:07

Жогорку Кеңеште импичмент маселеси көтөрүлдү (видео)


Президент Сооронбай Жээнбеков.

Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина Түркияда киши колдуу болгон кытайлык ишкер Айеркен Саймаитинин өлүмү, өлкөдөн чыгарылган миллиондор, аткезчилик маселеси боюнча башкы прокурордун маалыматын угууну сунуш кылды. Эл өкүлү бул күмөндүү жагдайлар президентке импичмент жарыялоо маселесине алып келерин билдирди:

- Маселе аябай көп болуп жатат жана мунун баары бизди президентке импичмент жарыялоо, ишеним көрсөтпөө тууралуу талкуулоого алып баратат. Анткени мунун бардыгы биздин жогорку бийликтин тымызын көзөмөлү менен болуп жатат деп ишенем. Ошондуктан мен башкы прокурорду угуп, эмне болуп жатканын, эмне үчүн эл аралык иликтөөлөрдө башкача айтылууда, бизде болсо баары жайында, аткезчилик жок деп олтурабыз - ошону сурайлы.

Депутат Улан Примов президент Сооронбай Жээнбековго импичпент жарыялоо маселесин козгогонго эч кандай негиз жок экенин, ал жөнүндө сөз болушу мүмкүн эмес экенин билдирди. Ал мамлекет башчысы өзүнүн конституциялык укуктарын пайдаланып, өз милдетин так аткарып жатканын кошумчалады.

Эл өкүлдөрү Азамат Арапбаев, Алмазбек Токторов импичмент жөнүндө ойлорго кошулбай турганын айтышты.

Депутат Наталья Никитенко болсо кезинде Өмүрбек Текебаев «Ата Мекен» фракциясынын лидери болуп турган учурда ошол учурдагы президент Алмазбек Атамбаевге импичмент жарыялоо маселесин козгогонун эстеди. Никитенко Текебаев бир топ иштер боюнча Атамбаевди айыптаганын билдирип, азыр ошол маселелер боюнча мурдагы президентке айыптар коюлуп жатканын белгиледи.

Кыргызстандын бажысындагы коррупциялык схема боюнча журналисттерге маалыматтарды жана жүздөгөн документтерди берген Айеркен Саймаити 10-ноябрда, Стамбулдагы мейманканалардын биринин кафесинде отурган жеринен киши колдуу болуп атып өлтүрүлгөн. Түркияда аны өлтүрүүгө шектүү катары төрт киши кармалды.

«Азаттыктын» ушул жылдын май айындагы жарык көргөн иликтөөсүндө 700 млн. доллардын тегерегиндеги каражат Айеркен Саймаити аркылуу бир нече жыл бою күмөндүү жолдор менен Кыргызстандан чыгарылып келгени тууралуу кеп болгон. Иликтөөнүн экинчи бөлүгү 21-ноябрда жарыяланып, ал коомчулукта кызуу талкууну жаратты. Анда бул акча которууларга Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун байланышы чагылдырылган.

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын башчысы Бакир Таиров болсо 26-ноябрда парламенттин эки комитетинин кошмо жыйынында өлкөдөн чыгарылган сумма 932 миллион 736 миң доллар болгону такталганын жарыялады. (ErN)

Пикирлерди көрүңүз (36)

XS
SM
MD
LG