Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:43

ЖЭБ иши боюнча сотто прокурорлор айыптоо сөзүн айтышты


ЖЭБ боюнча айыпталуучулар. Жогорку катардагылар: Айбек Калиев, Жантөрө Сатыбалдиев, Сапар Исаков, Осмонбек Артыкбаев. Ылдыйкы катардагылар: Темирлан Бримкулов, Ольга Лаврова, Жолдошбек Назаров, Салайдин Авазов (солдон оңго карай).
ЖЭБ боюнча айыпталуучулар. Жогорку катардагылар: Айбек Калиев, Жантөрө Сатыбалдиев, Сапар Исаков, Осмонбек Артыкбаев. Ылдыйкы катардагылар: Темирлан Бримкулов, Ольга Лаврова, Жолдошбек Назаров, Салайдин Авазов (солдон оңго карай).

Бүгүн, 27-ноябрда Бишкектин Свердлов райондук сотунда баш калаанын Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) оңдоп-түзөөдөгү коррупцияга байланыштуу соттук ишти кароо уланып жатат.

Отурумда тараптар жарыш сөзгө чыгышты. Мамлекеттик айыптоочу Элмира Жумашева башкы айыпталуучу, мурдагы премьер-министр Сапар Исакового тагылган айыпты окуду. Ал ошондой эле тергөөнүн далилдерин келтирди.

Мунун алдында башка бир айыпталуучу, мурдагы өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев өзүнө коюлган айыптарды төгүндөп, ойдон чыгарылган күнөө тагуудан оолак болууга чакырды.

2018-жылы январь айында ЖЭБдеги авариядан соң Бишкек бир жума бою жылуулуксуз калган. Териштирүүдөн кийин оңдоп-түзөө иштеринде коррупция бар экени аныкталып, кылмыш иши козголгон.

Буга байланыштуу мурдагы өкмөт башчылар Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев, мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаев, «Улуттук энергохолдинг» компаниясынын мурдагы төрагасы Айбек Калиев, «Электр станциялары» ишканасынын мурдагы жетекчиси Салайдин Авазов, анын ошол кездеги орун басары Жолдошбек Назаров жана ЖЭБди модернизациялоо долбоорунун мурдагы аткаруучу директору Темирлан Бримкулов камакка алынган. Мурдагы финансы министри Ольга Лаврова үй камагына алынган. Аларга «Коррупция» жана «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренелери боюнча айып коюлган. (ErN)

XS
SM
MD
LG