Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
жума, 13-декабрь, 2019 Бишкек убактысы 09:51

Касым-Жомарт Токаев мамлекеттик сапары менен Кыргызстанга келди (видео)


Касым-Жомарт Токаевди Сооронбай Жээнбеков тосуп алды. 27-ноябрь, 2019-жыл.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев бүгүн, 27-ноябрда Кыргызстанга мамлекеттик сапары менен келди. Аны «Манас» эл аралык аэропортунан Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков өзү тосуп алды.

Аэропортто Кыргыз Республикасынын жана Казакстан Республикасынын мамлекеттик желектери илинип, ардактуу кароол тизилип турду.

Мамлекеттик сапардын алкагында эки өлкөнүн президенттери жолугушуп, кызматташтыктын актуалдуу маселелери тууралуу сүйлөшөт. Ошондой эле эки коңшу мамлекеттин Жогорку мамлекет аралык кеңешинин 5-жыйыны өтүп, жыйынтыгында бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлат. Азырынча кыргыз президентинин аппараты анда кандай документтерге кол коюларын билдире элек.

Казакстан президентинин мамлекеттик сапарынын алкагында мамлекет башчылары «Ата-Бейит» тарыхый-мемориалдык комплексине жана Чыңгыз Айтматовдун үй-музейине барышат.

Мындан тышкары, Касым-Жомарт Токаев 28-ноябрда Бишкекте өтө турган ЖККУнун кезектеги отурумуна катышат.

Быйыл 9-июнда өткөн президенттик шайлоодо атаандаштарын жеңип чыгып, Казакстандын өлкө башчысы болуп шайлангандан кийин Токаев ошол эле июнь айында Бишкекте өткөн ШКУнун жыйынына катышкан. Кыргызстанга мамлекеттик сапары менен биринчи жолу келиши. (BkA\ErN)

Пикирлерди көрүңүз (3)

XS
SM
MD
LG