Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:12

Өкмөттү сындады деп кармалган активисттин аты-жөнү такталды


Афтандил Жоробеков Кара-Суудагы курулушу кечеңдеген мектеп боюнча «Азаттыктын» суроолоруна маек берип жаткан учуру. Видеодон алынган сүрөт.
Афтандил Жоробеков Кара-Суудагы курулушу кечеңдеген мектеп боюнча «Азаттыктын» суроолоруна маек берип жаткан учуру. Видеодон алынган сүрөт.

Аймак аралык касташууну козутуу фактысы боюнча кармалган социалдык тармактардын колдонуучусу активист Афтандил Жоробеков болуп чыкты. Бул маалымат соттун билдирүүсүнөн улам аныкталды.

Бишкектин Биринчи май райондук сотунун басма сөз катчысы Асел Равшанбекова атайын кызмат тарабынан кармалган Жоробековдун бөгөт чарасы каралып, соттук өндүрүш аяктагыча, 2020-жылдын 24-январына чейин камакка алынганын ырастады.

Афтандил Жоробековдун атасы, Ош шаардык кеңешинин мурдагы депутаты Темир Жоробеков уулунун камакка алынгандыгынын чоо-жайынан толук кабары жок экенин айтып, аны менен кабарлаша албай жатканын билдирди.

Мунун алдында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Башкы тергөө башкармалыгы аймак аралык касташууну козутуу фактысы боюнча социалдык тармактардын активдүү колдонуучусун (А.Ж.) кармаганын кабарлаган.

Комитеттин басма сөз кызматынын маалыматында айтылгандай, кармалган жаран жалган, чагымчыл жана учурдагы өкмөттү жамандаган маалыматтарды социалдык тармактын колдонуучуларынын арасында жайылтып, массалык нааразылык актыларын уюштурууга үндөгөн.

Жоробековго Жазык кодексинин 313-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-пункту («Аймак аралык касташууну козутуу») боюнча кылмышка шектүү экени билдирилген. Ал УКМКнын тергөө камак жайына киргизилди. Тергөө жүрүп жатат.

Афтандил Жоробеков Бишкек шаарындагы, Ош шаарындагы жана Кара-Суу районундагы бир катар маселелерди көтөрүп жүргөнү менен белгилүү. Ал «Фейсбуктагы» баракчасы аркылуу бийликти сындаган постторду коюп турчу. Ушул убакта анын баракчасы ачылбай жатат. (ErN)

XS
SM
MD
LG