Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:37

Европарламент аткаруучу органдын курамына добуш берет


Урсула фон дер Ляйен.
Урсула фон дер Ляйен.

27-ноябрда 751 депутаттан турган Европарламент уюмдун аткаруучу органы болгон Еврокомиссиянын мүчөлөрүнө добуш берет. Урсула фон дер Ляйен баштаган аткаруучу орган белгиленген мөөнөттөн бир айга кечигип шайланганы жатат.

Страсбургда парламентарийлер көпчүлүгү аялдардан турган Урсула фон дер Ляйендин командасын жөнөкөй көпчүлүк менен шайламакчы.

Еврокомиссиянын жаңы курамы кызматына 1-ноябрда киришмек. Бирок үч талапкерге байланыштуу талаштан улам ал артка жылып калган. Евробиримдиктин ар бир мүчөсү аткаруучу органга өз өкүлүн - комиссарын жөнөтөт. Уюмдан чыгууга даярдык көрүп жаткан Улуу Британия ага өкүлүн жөнөткөн эмес.

61 жаштагы Урсула фон дер Ляйен толук бекип калса, 1-декабрдан тартып кызматына киришмекчи. Ал Европа комиссиясын башкарган алгачкы аял саясатчы болот. Буга чейин Ляйен Германиянын Коргоо министрлигин жетектеген биринчи аял катары белгилүү эле.

XS
SM
MD
LG