Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:07

Албания жер титирөөнүн курмандыктарына аза күтүүдө


Албания сейсмикалык кооптуу аймакта жайгашкандыктан маал-маалы менен жер силкинип турат.
Албания сейсмикалык кооптуу аймакта жайгашкандыктан маал-маалы менен жер силкинип турат.

Албанияда бир күн мурда болгон жер титирөөдөн каза тапкандардын саны 25 кишиге жетти. Буга байланыштуу 27-ноябрда өлкөдө аза күтүү жарыяланды.

АКШнын Геологиялык кызматынын маалыматына ылайык, жер титирөөнүн күчү 6,4 баллга жеткен. Очогу баш калаа Тирананын чыгыш-батыш тарабынан 30 чакырым алыстыкта, 20 чакырым тереңдикте болду. Соңку маалыматтарда 650дөй адам жаракат алган. Учурда куткаруу жана издөө иштери уланууда.

Албаниядагы экинчи чоң шаар болуп саналган Дурресте жердин силкиниши бир канча жолу кайталангандыктан адамдар чатырда жана машинелерде түнөштү. Тирана, Тумане жана Дуррес шаарларында бир катар имараттар, турак жай кыйрады. Үй-жайсыз калгандарга чатырлар тигилди. 300 үй-бүлө жабыркагандарга эшик ачып, убактылуу баш калка берди.

Косоводон, Монтенегродон, Италиядан, Грекиядан жана Румыниядан куткаруучулар көмөктөшкөнү келишти. АКШ да жардам жөнөтөрү маалымдалды.

Албания сейсмикалык кооптуу аймакта жайгашкандыктан маал-маалы менен жер силкинип турат.

XS
SM
MD
LG