Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
бейшемби, 12-декабрь, 2019 Бишкек убактысы 18:09

HRW: Иран нааразылыктын курмандыктарын азайтып көрсөтүүдө


Ирандагы нааразылык. 16-ноябрь, 2019-жыл.

Иран бийликке каршы нааразылыкты күч менен басуунун деңгээлин жана андагы курмандыктардын санын азайтып көргөзүүдө. Бул тууралуу «Human Rights Watch» (HRW) эл аралык укук коргоо уюмунун жаңы баяндамасында айтылат. Баяндамада бир катар укук коргоочулар нааразылык учурунда 140тай киши өлүп, 7 миңдей киши кармалганын билдиришкен.

«Human Rights Watch» Иран бийлигин өлгөндөрдүн жана кармалгандардын саны тууралуу маалыматты ачыкка чыгарууга, зордук-зомбулук тууралуу көз каранды эмес иликтөө жүргүзүүгө чакырган.

Иранда толкундоо өкмөт бензиндин баасын көтөрүп, күйүүчү майга чектөө киргизүү тууралуу чечимин жарыялаган соң, 15-ноябрда башталган. Ал 100гө чукул шаар-кыштакка жайылганы кабарланган. Тегерандын расмий маалыматы боюнча массалык акцияларда беш киши каза таап, 180 адам кармалган. Буга чейин «Amnesty International» («Эл аралык мунапыс») уюму жана башка укук коргоочулар 100дөн көп кишинин өмүрү кыйылганын билдиришкен.

Ирандын жетекчилиги «демонстрациялардын артында чет өлкөлөр, ичинде АКШ, Израил, Сауд Арабиясы турат» деп аларды айыптоодо.

Пикирлерди көрүңүз

XS
SM
MD
LG