Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 10:38

Өзбекстандык белгилүү укук коргоочу көз жумду


Талиб Якубов.
Талиб Якубов.

Жизакта өзбекстандык белгилүү укук коргоочу Талиб Якубов 79 жашында көз жумду. Жакындары акыркы айларда ал төшөктө жатып калганын айтышты. Якубов 12 жыл бозгунда жашап, былтыр мекенине кайтып келген. Өзбекстандын адам укуктары коомунун негиздөөчүсү 2005-жылы Анжиянда болгон кандуу окуялардан кийин активисттер менен укук коргоочуларга каршы башталган куугунтук маалында өлкөдөн кетүүгө мажбур болгон. Өзбек бийлиги аны жарандактан ажыратып койгон.

2006-жылы Якубовго жасалма кылмыш иши козголгон. Ал Францияда баш калкалап жүргөндө уюмун каттоодон өткөрүп, укук коргоочулук ишин уланткан.

XS
SM
MD
LG