Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:19

Прокурорлор ЖЭБ боюнча айыпталгандарды 17 жылга чейин камакка алууну суранышты


ЖЭБ боюнча айыпталуучулар. Жогорку катардагылар: Айбек Калиев, Жантөрө Сатыбалдиев, Сапар Исаков, Осмонбек Артыкбаев. Ылдыйкы катардагылар: Темирлан Бримкулов, Ольга Лаврова, Жолдошбек Назаров, Салайдин Авазов (солдон оңго карай).
ЖЭБ боюнча айыпталуучулар. Жогорку катардагылар: Айбек Калиев, Жантөрө Сатыбалдиев, Сапар Исаков, Осмонбек Артыкбаев. Ылдыйкы катардагылар: Темирлан Бримкулов, Ольга Лаврова, Жолдошбек Назаров, Салайдин Авазов (солдон оңго карай).

27-ноябрда баш калаанын Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) оңдоп-түзөөдөгү коррупцияга байланыштуу Бишкектин Свердлов райондук сотунда өтүп жаткан соттук кароодо мамлекеттик айыптоочулар жарыш сөзгө чыгып, соңку сөздөрүн айтышты.

Башкы прокуратуранын билдирүүсүндө айтылгандай, прокурорлор Сапар Исаковду 15 жылга, Айбек Калиевди 17 жылга, Жантөрө Сатыбалдиевди, Салайдин Авазовду, Жолдошбек Назаровду, Темирлан Бримкуловду 11 жыл 3 айга, Ольга Лаврованы 7 жыл 6 айга эркинен ажыратууну суранышты. Айыптоочулар Осмонбек Артыкбаевге 100 миллион сом айып пул салууну өтүнүштү.

Бул жазадан сырткары айыпталуучулардын мүлкүн конфискациялоо, мамлекеттик кызматтарда иштөө укугунан үч жылга чейин ажыратуу, атайын жана ардак наамдарын, класстык чиндерин жана мамлекеттик сыйлыктардан ажыратуу тууралуу суранычтар айтылды.

2018-жылы январь айында ЖЭБдеги авариядан соң Бишкек бир жума бою жылуулуксуз калган. Териштирүүдөн кийин оңдоп-түзөө иштеринде коррупция бар экени аныкталып, кылмыш иши козголгон.

Буга байланыштуу мурдагы өкмөт башчылар Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев, мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаев, «Улуттук энергохолдинг» компаниясынын мурдагы төрагасы Айбек Калиев, «Электр станциялары» ишканасынын мурдагы жетекчиси Салайдин Авазов, анын ошол кездеги орун басары Жолдошбек Назаров жана ЖЭБди модернизациялоо долбоорунун мурдагы аткаруучу директору Темирлан Бримкулов камакка алынган. Мурдагы финансы министри Ольга Лаврова үй камагына алынган. Аларга «Коррупция» жана «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренелери боюнча айып коюлган. (ErN)

XS
SM
MD
LG