Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунун (ЖККУ) курамындагы Кыргызстандын, Казакстандын, Орусиянын, Тажикстандын, Беларустун президенттери жана Армениянын премьер-министри 28-ноябрда Бишкекке чогулуп, Жамааттык коопсуздук кеңешинин сессиясын өткөрүшөт.
Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстан төрагалык кылган 2019-жылы уюмда коопсуздук маселелерине, кризистик кырдаалдарды жөнгө салууга, аскердик-экономикалык, аскердик-техникалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө артыкчылык берилди.
Бишкекте өтчү саммитте эл аралык жана аймактык коопсуздук маселеси талкууланат. Бир катар документтерге кол коюлуп, уюмдун 2020-жылга карата бюджети бекитилет. Ага КМШ аткаруу комитетинин аткаруучу катчысы Сергей Лебедев да катышат.
Бишкек ушул жыйында уюмдагы төрагалык милдетин жыйынтыктайт. (SE)