Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Февраль, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:16

Бишкекте дин жана демократия маселелери талкууланат


Түрдүү диндердин сыйынуучу жайларынын элестери.
Түрдүү диндердин сыйынуучу жайларынын элестери.

Бишкекте «Дин жана демократия боюнча конструктивдүү пикир алмашуу» долбоорунун V Пикир алмашуу аянтчасынын отуруму болот. Анда Кыргызстандагы дин жана демократия маселелери боюнча аналитикалык баяндамалар жасалат. Аны жаш изилдөөчүлөр даярдаганын уюштуруучулар кабарлашты.

Анда аялдардын радикалдык агымдарга азгырылуунун себептери, кыз-келиндердин басмырланышы, терроризмге каршы күрөштө коммерциялык эмес уюмдардын ролу жана зомбулук экстремизмин жайылтуунун алдын алуу багыттары талкууланат.

Жыйын 28-ноябрда «Парк Отел» мейманканасында болот. Ага Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын, Ички иштер министрлигинин, Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана улут аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин, Европа Биримдигинин жана эл аралык, өкмөттк эмес уюмдардын өкүлдөрү катышат. Андан тышкары теологдор жана эксперттер да чакырылган.

Талкууну «International Alert» – көз каранды эмес тынчтык куруу жана чыр-чатактардын алдын алуу боюнча эл аралык уюм, Мамлекеттик дин комиссиясы, «Ыйман» фонду бирге Европа Биримдигинин колдоосунда уюштуруп жатат. (SE)

XS
SM
MD
LG