Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:02

Францияда дыйкандар нааразылыкка чыгышты


Францияда 27-ноябрда айыл чарба кызматкерлеринин нааразылык акциялары башталды. Алар миңден ашуун трактор менен Парижге кире бериштеги бир канча жолдорду бууп салышты. 200 чамалуу автоунаа Елисей талаасына барып, калаанын борборундагы жолду тороп алышты.

Акцияга чыккандар арзан импорт товарлар француздардын өздөрүнүн азык-түлүктөрүнүн сатылышына жолтоо болуп жатканын айтып, бийликке нааразылык билдиришти.

Айыл чарба кызматкерлеринин кесиптик кошуундар уюму президент Эммануэл Макрон менен жолугушууну талап кылууда.

«France-Presse» жазганына караганда, 2018-жылы мамлекетте фермерлердин кирешелери 3-4 жыл мурункуга салыштырмалуу дээрлик 75% азайган.

XS
SM
MD
LG