Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:12

Түркмөнстанда президент мактаган итке эстелик орнотулат


Ашхабаддын мэри калаага орнотула турган дөбөттүн эстелигинин жаңы вариантын сунуш кылып, аны мамлекет башчы жактырды.

Түркмөн алабайына арналган эстеликтин биринчи вариантына президент Гурбангулы Бердимухаммедовдун ичи чыккан эмес эле.

«Хроники Туркменистана» басылмасы кабарлагандай, эстеликтин постаменти 9, иттин өзү 6 метр болот. Астына алтын жалатылган тамгаларда «Turkmen Alabayy» деп жазылат. Жазуунун шрифти жана түсү президенттин алабай жөнүндөгү китебиндегидей болот.

Бердимухаммедов быйыл сентябрда түркмөн алабайы жөнүндө китеп жазган. Мамлекет башчынын алабайды мактаган ырларына обон чыгарылып, ырчылар аткарып жатышат.

Алабайдын эстелиги 2020-жылы ачылат.

Түркмөн алабайы 2017-жылы Ашхабадда өткөн Азия-2017 оюндарынын расмий белгиси катары тандалган.

XS
SM
MD
LG