Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
жума, 6-декабрь, 2019 Бишкек убактысы 08:18

Ооганстанда мина жарылып 15 жайкын тургун мерт болду


Ооган аскерлери.

Ооганстандын Кундуз провинциясында автоунаа өтчү жолго орнотулган минага кабылып, 15 киши көз жумду. Баары жайкын тургундар. Дагы эки адам жарадар болду. Окуя 27-ноябрда Ханабад конушунда болду.

Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Нусрат Рахими билдиргендей, жарылууда өлгөндөрдүн арасында сегиз бала, алты аял, бир эркек киши бар.

Расмий маалыматтарда минаны талибдер орноткону айтылууда. Бирок «Талибан» кыймылы буга комментарий бере элек.

Бириккен Улуттар Уюмунун Ооганстандагы жарандарга көмөктөшүү миссиясынын маалыматына караганда, 2019-жылдын тогуз айындагы жардыруу жана кол салууларда 2563 адам жашоо менен кош айтышты. 5676 тургун жарадар болду.

Пикирлерди көрүңүз (1)

XS
SM
MD
LG