Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:33

Жумабеков: «акчаны жеп алдык» деген адамдар болбой жатат (видео)


Дастан Жумабеков.
Дастан Жумабеков.

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков Коомдук биринчи каналдагы «Парламентаризм сабактары» программасында акыркы саясий кырдаал боюнча суроолорго жооп берип жатып, журналисттердин иликтөөсү жөнүндө да пикирин айтты. Төрага журналисттердин иликтөөсүндө коррупция жөнүндө айтылганы менен иш жүзүндө факты жок болуп жатканын билдирди:

- Жогорку Кеңештин комиссиясы чыгарган чечимдер укуктук күчкө ээ болот. Тийиштүү органдарга берилип, кылмыштуу адамдар болсо жоопкерчилигин тартат. Биз буга чейин көп нерсени чыгарып келбедикпи. Бирок «берилген акча меники болчу же бюджетке түшө турган акчаны уурдап, жеп алдык» деген көрсөтмөлөр, адамдар болбой жатат.

Ошондой эле Жумабеков «Азаттык» радиосунун сыртка чыгарылган 700 млн. доллар боюнча май айында жарыялаган иликтөөсү акыркы бажыдагы коррупция жөнүндөгү иликтөөсүнө карама-каршы болуп калды деген оюн айтты:

- «Канча бир миллиондогон долларлар Матраимовдордун акчасы Кыргызстандын банкынан чыгып кетти, бул мамлекеттин акчасы» деп элге пропаганда болуп кетти. Кечээ ошол эле «Азаттык» кайра эле ошо Саймаити деген киши менен сүйлөшүп жатканда «коңшу мамлекеттен келчү, биз ошону тийиштүү мамлекеттерге которчубуз» деп билдирип жатпайбы. «Азаттыктын» май айында чыгарган изилдөөсү кечээги иликтөөсүнө карама-каршы келип атат.

25-ноябрда Бишкекте жүздөгөн адамдар борбордук аянтка чогулуп, бийликтен коррупцияга каршы күрөшүүнү талап кылышкан. 21-ноябрда «Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору» (OCCRP) жана анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» маалымат агенттиги чогуу жүргүзгөн «Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо» деген иликтөө жарыяланган. Анда шектүү жолдор менен сыртка чыгарылган акча, бажы тармагындагы коррупция жөнүндө кеп болот. (TSh)

XS
SM
MD
LG