Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:08

Өкмөт башчы: 2018-жылы Кыргызстандагы банктардан сыртка 90 млрд. доллар чыгарылган (видео)


Мухаммедкалый Абылгазиев.
Мухаммедкалый Абылгазиев.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев парламентте депутат Таабалды Тиллаевдин: «Журналисттердин иликтөөсүндө айтылган 700 млн. доллар кимдин каражаты?» - деген суроосуна «Ишкерлердин акчасы болушу керек, иликтөө жүрүп жатат», - деп жооп берди:

- 700 млн.доллар - казынанын акчасы эмес. Бул бизнестин алакасындагы мамиле. Биздин аймакка Өзбекстандан келип башка жакка кетип жаткан болсо, банк өзүнүн кызмат акысын алышы мүмкүн. Кыргызстанда банк арзаныраак, либералдуу. Бекеринен Өзбекстандан келген акча башка жакка чыгып кетип жаткан жок. Муну этият айтышыбыз керек, бул өзү бизнеске тоскоол болот.

Ошондой эле өкмөт башчынын маалыматына караганда Кыргызстандын банктарынан 2018-жылы 90,5 млрд. доллар, ал эми 2019-жылдын 6 айында 48,3 млрд. доллар чыгарылган.

25-ноябрда Бишкекте жүздөгөн адамдар борбордук аянтка чогулуп, бийликтен коррупцияга каршы күрөшүүнү талап кылышкан. 21-ноябрда «Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору» (OCCRP) жана анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» маалымат агенттиги чогуу жүргүзгөн «Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо» деген иликтөө жарыяланган. Анда шектүү жолдор менен сыртка чыгарылган акча, бажы тармагындагы коррупция жөнүндө кеп болот.

XS
SM
MD
LG