Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:41

Жээнбеков: ЖККУ өлкөлөрү тышкы чек араларына тынчсызданбай эле койсо болот


Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков 28-ноябрда Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунун (ЖККУ) Бишкекте өтүп жаткан жыйынында айтты.

Жээнбеков уюмдун алкагында Орусияда алгачкы ирет «Эшелон» атайын машыгуулары, Тажикстанда «Бузулбас боордоштук» жана Орусияда «Өз ара иш-аракет» биргелешкен машыгуулары өткөрүлгөнүн белгиледи.

Жээнбеков Орусиянын жалпы Евразия чөлкөмүнүн коопсуздугун камсыз кылуу боюнча аракетине баа берди.

- Орусиянын Куралдуу күчтөрүнүн «Борбор-2019» стратегиялык командалык-штабдык машыгуулары мындай аракеттин айкын мисалы боло алат. Эң заманбап техниканы колдонуу менен өткөрүлгөн машыгуулардын активдүү фазасына мен өзүм Оренбург шаарында күбө болгон элем. Орусиянын куралынын күч-кубатын өз көзүм менен көрүп, ага абдан таасирлендим. Биз ЖККУнун курамындагы өлкөлөрдүн тышкы чек араларына камтама болбой эле койсок болот, - деди Жээнбеков.

Мындан тышкары ал «Кыргызстан Орусиянын чөлкөмдөгү жана жалпы эле дүйнөдөгү туруктуулукту жана коопсуздукту камсыз кылууга багытталган аракеттерин колдоого алат» деп кошумчалады.

Бишкекте Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунун (ЖККУ) кезектеги сессиясы өтүп жатат. Ага уюмдун курамындагы Кыргызстандын, Казакстандын, Орусиянын, Тажикстандын, Беларустун президенттери жана Армениянын премьер-министри катышууда. (BTo)

XS
SM
MD
LG