Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
жума, 6-декабрь, 2019 Бишкек убактысы 08:20

Ирак Ирандын консулдугуна кол салууну айыптады


Ирактын Нажаф шаарындагы Ирандын консулдугуна кол салуудан кийин.

Ирактын Тышкы иштер министрлиги өлкө түштүгүндөгү Нажаф шаарындагы Ирандын консулдугуна кол салууну сынга алды. Бул тууралуу мамлекеттик маалымат каражаттары мекемеге таянып кабарлашты. Коргоо министрлиги 27-ноябрдын кечинде болгон окуялар «Ирак менен Ирандын ортосундагы тарыхый алакаларды бузууга багытталганын» билдирди. Ошондой эле билдирүүдө бул чабуул Ирактын көз карашын билдирбей турганы баса белгиленген.

Демонстранттар «Тегеран Ирак өкмөтүн колдойт» деген нааразылыгын билдирип 27-ноябрда консулдуктун имаратына өрт коюшкан. Полиция белгилегендей, ичиндеги кызматкерлер кол салуу башталганча эле консулдуктан чыгарылып кеткен.

Айрым маалыматтарга караганда, коопсуздук күчтөрү имаратты курчап алган каршылык акциясынын катышуучуларын таркатыш үчүн жаш чыгарчу газ колдонушкан. Иран Багдадды консулдукту коргой албаганы үчүн айыптап, чабуулдун артында тургандарды жоопко тартыш үчүн чечкиндүү кадамдарга барууну талап кылды.

- Ирактагы дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн жана дипломаттардын коопсуздугун камсыз кылуу Ирак өкмөтүнүн жоопкерчилигинде. Тегеран чабуулду кескин айыптайт жана өкмөттөн чечкиндүү кадамдарды талап кылат, - деди 28-ноябрда Ирандын ТИМинин расмий өкүлү Аббас Мусави.

Ирактын маалымат каражаттары жазгандай, бийлик консулдукка коюлган чабуулдан кийин өлкөгө коменданттык саат киргизгенин жарыялады. Өлкөдө нааразылык акциялары башталган учурдан бери эки айга жакын убакыт өттү. Демонстранттар менен өкмөттүк күчтөрдүн кагылышуусунда 340тай адам каза тапты.

Пикирлерди көрүңүз

XS
SM
MD
LG