Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 00:39

Иран: АКШга «маалымат ташыган» сегиз адам кармалды


Ирандагы нааразылык учурунда тартылган сүрөт.

Ирандын мамлекеттик маалымат каражаттары АКШнын Борбордук чалгын кызматы менен байланыштагы сегиз адам кармалганын кабарлашты. Алар өкмөттүн бензиндин баасын көтөрүп, күйүүчү майга чектөө киргизүү тууралуу чечиминен кийинки нааразылык учурунда колго түшкөн.

IRNA мамлекеттик агенттиги кабарлагандай, тополоң учурунда маалымат чогултуп, аны чет өлкөгө жиберүүгө аракет кылган адамдар аныкталып, кармалган.

Ирандын жетекчилиги «демонстрациялардын артында чет өлкөлөр, анын ичинде АКШ, Израил, Сауд Арабиясы турат» деп аларды айыптоодо.

Бир күн мурда «Human Rights Watch» уюму Ирандын бийлигине кайрылып, өлгөндөрдүн жана кармалгандардын саны тууралуу маалыматты ачыкка чыгарууга, зордук-зомбулук тууралуу көз каранды эмес иликтөө жүргүзүүгө чакырган. Уюмдун атайын баяндамасында нааразылык учурунда 140тай киши өлүп, 7 миңдей киши кармалганы айтылат. Ошол эле кезде Тегеран массалык акцияларда беш киши каза болуп, 180 адам кармалганын билдирген.

Ирандагы толкундоо өкмөт бензиндин баасын көтөрүп, күйүүчү майга чектөө киргизүү тууралуу чечимин жарыялаган соң, 15-ноябрда башталган. Нааразылыктын толкуну улам күчөп отуруп 100гө чукул шаар-кыштакка жайылганы кабарланган.

XS
SM
MD
LG