Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
ишемби, 7-декабрь, 2019 Бишкек убактысы 21:17

Ташиев: президент ката кетирген жок, бирок реформа да кылган жок


Саясий ишмер Камчыбек Ташиев «Азаттык» радиосунун «Эки-бир» программасында журналисттердин суроосуна жооп берип жатып президент Сооронбай Жээнбековдун эки жылдык ишине баа берди.

- Бул киши президент катары чоң саясий, экономикалык жана коррупциялык каталарды кетирген жок. Ал эми мамлекеттеги радикалдуу реформаларды кылууга жетишкен жок. Анын да себеби бар. Эки жылда биз күткөндөй реформа болгон жок.

Ташиев президент эки жылда ар кандай саясий каршылаштарга туш болгонун белгиледи.

Президент Сооронбай Жээнбеков 2017-жылы президент болуп шайланган. Анда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге саясий каршылаш болуп келген Камчыбек Ташиев Сооронбай Жээнбековду колдоп чыккан. Шайлоодо Жээнбековго атаандаш болгон Өмүрбек Бабанов менен Камчыбек Ташиев «Республика - Ата Журт» партиясында тең төрагалар болгон. (TSh)

Пикирлерди көрүңүз (19)

XS
SM
MD
LG