Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:27

Ташиев: Матраимов - карапайым, ийкемдүү жигит (видео)


Камчыбек Ташиев.
Камчыбек Ташиев.

Саясий ишмер Камчыбек Ташиев журналисттердин иликтөөсүндө аты аталган Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов боюнча пикирин айтты. Ал «Азаттыктын» «Эки-бир» программасында журналисттердин суроосуна жооп берип жатып, Матраимовду мындайча сыпаттады:

- Райым Матраимов өтө деле чоң кызматта иштеген эмес, эң көп болсо Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары болгон. Ал министр да, депутат да болгон эмес. Кичинекей эле бир жигит. Ал жакшынакай, карапайым, ийкемдүү жигит. Аны жөн эле мамлекеттик деңгээлге алып чыгып, каралай берген болбойт.

Ташиев «Матраимовду каралап жатат» деп «Азаттык» радиосун да күнөөлөп өттү. Анын пикиринде, өлкөдөн чыгарылган каражаттарга Матраимовдун тиешеси жок.

«Азаттыктын» ушул жылдын май айындагы жарык көргөн иликтөөсүндө 700 млн. доллардын тегерегиндеги каражат Айеркен Саймаити аркылуу бир нече жыл бою күмөндүү жолдор менен Кыргызстандан чыгарылып келгени тууралуу кеп болгон.

Иликтөөнүн экинчи бөлүгү 21-ноябрда жарыяланып, анда бул маалыматтарды Саймаити өзү журналисттерге бергени маалымдалган. Бул акча чыгарууга Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун байланышы белгиленген. Бирок Матраимов өзү иликтөөдө айтылгандарды четке кагып келет.

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматтын (Финансы полициясы) башчысы Бакир Таиров болсо 26-ноябрда парламенттин эки комитетинин кошмо жыйынында өлкөдөн чыгарылган сумма 932 миллион 736 миң доллар болгону такталганын жарыялады. (TSh)

XS
SM
MD
LG