Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
ишемби, 7-декабрь, 2019 Бишкек убактысы 21:13

Кыйноого каршы борбордун өкүлдөрү Жоробеков менен жолугушту


Афтандил Жоробеков Кара-Суудагы курулушу кечеңдеген мектеп боюнча «Азаттыктын» суроолоруна жооп берип жаткан учуру. Видеодон алынган сүрөт.

29-ноябрда Кыйноонун алдын алуу боюнча улуттук борбордун кызматкерлери «Аймак аралык кастыкты козутуу» беренеси менен шек саналып, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында отурган активист Афтандил Жоробеков менен жолугуп чыгышты. Бул тууралуу «Азаттыкка» аталган борбордун директору Нурдин Сулайманов билдирди.

- Кармоо шарттарына эч кандай нааразылыгы жок экенин айтты. Ошондой эле «психологиялык жактан басым болгон жок» деп айтып жатат. Адвокаты бар экен. Ал да жолугуп жатыптыр. Бул жагынан маселе жок, - деди Сулайманов.

28-ноябрда Акыйкатчы институту менен Кыйноонун алдын алуу боюнча улуттук борбордун кызматкерлери УКМКга Жоробековдон кабар алуу үчүн барышкан. Бирок тергөө иштерине байланыштуу жолугуша алышкан эмес.

Жоробековду УКМК «Аймак аралык кастыкты козутту» деген шек менен 24-ноябрда кармаган. Атайын кызмат ага «Интернетке чагымчыл жана учурдагы өкмөттү жамандаган маалыматтарды жайылтып, жапырт нааразылык акцияларын уюштурууга үндөгөн» деген кине коюуда.

Жоробековдун жакындары муну Кыргызстандагы мыйзамсыз иштерге каршы пикирин ачык айтып, баракчасы аркылуу бийликтин көңүлүн бурууга аракет кылганы үчүн сөз эркиндигинен ажыратуу катары баалап жатышат.

«БеспределKGнин» «Фейсбуктагы» баракчасына акыркы учурларда Кыргызстандын бажысындагы коррупциялык иштер жана ал боюнча журналисттик иликтөөдө аты аталган адамдар боюнча маалыматтар байма-бай жарыяланып турган. (BTo)

Пикирлерди көрүңүз (12)

XS
SM
MD
LG