Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:39

Ысык-Көлдө 24 адам өз ыктыяры менен түрдүү диний агымдардан чыкты


Диний экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы Ысык-Көлдө өткөн форум. 29-ноябрь, 2019-жыл.
Диний экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы Ысык-Көлдө өткөн форум. 29-ноябрь, 2019-жыл.

Ысык-Көл облусунда диний экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы форум өттү. Ага күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери, дин ишмерлери, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана тургундар катышып, облустагы терроризм менен экстремизмге каршы жасалып жаткан иштер талкууланды.

Анда маалым болгондой, 2019- жылдын 11 ай ичинде экстремизм багыты боюнча 36 факт катталган. Алардын ичинен төрт факт улут аралык кастыкты козутуу багытында болгон.

- Ошондой эле жүргүзүлгөн ыкчам профилактикалык иш чаралардын негизинде «Хизб-ут-Тахир» уюмунун төрт мүчөсү уюмдан өз ыктыяры чыкты. «Йакын-Инкар» уюмунун 29 мүчөсү каттоодон чыгарылган, - деди облустук ИИБнин башчысы Улан Асанбаев.

Иш-чарада алданып Сирияга кеткен жарандардын окуялары жаштар тарабынан даярдалган театрлаштырылган көрсөтмө менен чагылдырылды.

2015-жылдан тартып облустан 53 адам Түркия аркылуу Сирияга согуштук аракеттерге катышууга кеткен. Алардын арасында өспүрүмдөр да бар. (KS)

XS
SM
MD
LG