Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:47

Жоробековдун апасы: Афтандил сөз эркиндигинен ажыратылды


Бегайым Аккулова.
Бегайым Аккулова.

«Аймак аралык кастыкты козутуу» беренеси менен шек саналып, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында отурган активист Афтандил Жоробековдун апасы Бегайым Аккулова анын баласы сөз эркиндигинен ажыратылганын айтты. Бул тууралуу ал 29-ноябрда, УКМКнын алдында журналисттин суроосуна жооп берип жатып билдирди:

- Менин баламды сөз эркиндигинен ажыратып жатышканын туура эмес деп эсептейм. Баламдын мыйзамсыз иши болсо аны көрсөтүп бериши керек. Анан аны дароо кармап 313-берене менен айыптап жатышканына мен кошулбайм. Ак ийилет, бирок сынбайт. Баламдын ишин тез арада иликтеп, аны бизге ден соолугу чың кайтарып беришин суранам.

Атайын кызматтын алдына Афтандил Жоробековдун атасы Темир Жоробеков да келген. Ал баласы жарандык позициясын ачык билдирип, мыйзамсыз иштерге каршы туруп келгенин айтты.

Жоробековду УКМК «аймак аралык кастыкты козутту» деген шек менен 24-ноябрда кармаган. Атайын кызмат ага «Интернетке чагымчыл жана учурдагы өкмөттү жамандаган маалыматтарды жайылтып, жапырт нааразылык акцияларын уюштурууга үндөгөн» деген кине коюуда.

Жоробековдун жакындары муну Кыргызстандагы мыйзамсыз иштерге каршы пикирин ачык айтып, баракчасы аркылуу бийликтин көңүлүн бурууга аракет кылганы үчүн сөз эркиндигинен ажыратуу катары баалап жатышат.

«Беспредел KGнин» «Фейсбуктагы» баракчасына акыркы учурларда Кыргызстандын бажысындагы коррупциялык иштер жана ал боюнча журналисттик иликтөөдө аты аталган адамдар боюнча маалыматтар байма-бай жарыяланып турган. (BTo)

XS
SM
MD
LG