Президент Сооронбай Жээнбеков 29-ноябрда Ташкентте өткөн Борбордук Азиянын мамлекет башчыларынын экинчи консультативдик жолугушуусунда аймактагы суу көйгөйүн көтөрдү.
- Азыр окумуштуулар Кыргызстандагы мөңгүлөрдүн азайып баратканын белгилеп жатышат. Биздин тоолордо аймактагы суу ресурстарынын 45% жаралат. Жакынкы убакта биз дарыялардагы суулардын деңгээли азайышынын реалдуу көйгөйүнө туш болобуз. Жыйынтыгында бул Борбор Азиянын экологиясына, биргелешкен экономикалык ишмердикке терс таасирин тийгизип, ири ГЭСтердин дарамети кыйла төмөндөйт, - деди Жээнбеков.
Мамлекет башчы мөңгүлөрдү сактоо, суу-энергетикалык кызматташтыкты өнүктүрүү механизмдери боюнча эл аралык кызматташтыкты башташ керектигин белгиледи.
1998-жылдагы компенсациялоо механизмдерин караган Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстан ортосундагы Нарын-Сыр-Дарыя суу-энергетикалык ресурстарын колдонуу жөнүндөгү макулдашуунун алкагында кызматташтыкты калыбына келтирүүгө чакырды. (BTo)