Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:20

Жалал-Абадда электр акысын төлөй элек ишканалардын тизмеси жарыяланды


"Жалал-Абад электро" ишканасынын кызматкерлери
"Жалал-Абад электро" ишканасынын кызматкерлери

"Жалал-Абад электро" ири суммадагы карызы бар мамлекеттик мекемелердин жана жеке ишканалардын тизмесин жарыялады.

Аталган мекеменин басма сөз кызматы “Азаттык” радиосуна электр энергиясынын акысын төлөй элек айыл өкмөттөр жана мамлекеттик ишканалар барын билдирди.

- Кара-Көл шаардык мэриясы 1,1 млн. cом, Ничке-Сай айыл өкмөтү 919 миң сом, Ак-Коргон айыл өкмөтү 540 миң сом, Үч-Коргон айыл өкмөтү 475 миң сом карыз. Ал эми Радиорелейлик магистралдарынын телекөрсөтүү жана радиоуктуруу боюнча республикалык өндүрүштүк бирикмесинин аймактагы бөлүмү 2,7 млн. сом, Майлуу-Суу шаарындагы жылуулук ишканасы менен суу канал башкармалыгынын ар биринин 2 млн. сомго чукул карызы бар, – деп айтылат маалыматта.

"Жалал-Абад электро" топтолгон карыздар быйылкы жылдын эсебинен чогулганын билдирет. Ошондой эле карызы бар жергиликтүү тургундар жыл этегине чейин негизги суммасын төлөсө, ага кошулган туум кыскартыларын эскертти.

Ушул күнгө карата ишкананын дебитордук карызы 88 млн. сомдон ашат.

«Жалал-Абад электро» ишканасы облустагы 232 миңге жакын кардарга кызмат көрсөтүп, анда 1,5 миңден ашык кызматкер эмгектенет. (RsK)

XS
SM
MD
LG