Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:37

Тегеранда түтүндөн улам билим берүү мекемелери жабылды


Тегеран шаары
Тегеран шаары

30-ноябрда Ирандын баш калаасы Тегеранда түтүндөн улам мектептер, жогорку окуу жайлары жабылды. Шаар башчысы Мухамед Тагизаде абанын булгануусунан улам өткөрүлгөн чукул жыйындан кийин ушундай чечим кабыл алынганын маалымдады.

- Ыш шаарды каптап жаткандыктан бала бакча, башталгыч жана орто мектептер, бардык жогорку, орто окуу жайлар Тегеран провинциясында толугу менен жабылды.

Шаар бийлиги дем алуу органдары жабыркаган балдарды, улгайган адамдарды сыртка чыкпоого чакырып, бардык спорттук иш-чаралар токтотулду. Ирандын түндүк аймагындагы бир нече провинциянын ири шаарларында да билим берүү мекемелери жабылды.

Экологдор Кыргызстандын борбору Бишкекте да аба кескин булганганын айтып коңгуроо кагышууда. Адистер шаар тургундарына беткап кийип жүрүүнү сунуш кылышат. Азырынча кыргыз бийлиги Бишкекти каптаган түтүн боюнча чукул чараларды көрө элек. (TSh/BCh)

XS
SM
MD
LG