Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:11

Кумтөрдө иштеген эки киши дайынсыз болууда


Кумтөр кени.
Кумтөр кени.

«Кумтөр» ишканасында эмгектенген эки кызматкер дайынсыз болуп жатат. Алар кен казуу аймагындагы жер көчкүдөн кийин табылбай калышкан. Ишкананын өкүлү Марина Гаврилова буларды маалымдады.

- Бүгүн эртең менен Кумтөр кениндеги участкалардын биринде жер көчкү жүргөн. Баштапкы маалыматтар боюнча эки киши дайынсыз болууда. Азыр издөө иштери жүрүп жатат. Кошумча маалымат берилет.

Кумтөр - Кыргызстандагы эң ири кендердин бири. Расмий маалымат боюнча, Кумтөр алтын кенинде 4 миңге жакын адам иштейт. Алардын ичинен 2678 кызматкер тоо-кен ишканасы менен түз келишим түзүп иштесе, 1092 адам ортомчу ишканалар аркылуу жумушка орношкон. «Кумтөрдө» иштегендердин баары вахталык тартип менен, башкача айтканда 10-15 күндүк нөөмөт менен иштешет. (TSh)

XS
SM
MD
LG