Ирактын премьер-министри Адел Абдел Махди кызматтан кеткенин жарыялаганына карабай, 30-ноябрда өкмөткө каршы митингдер токтогон жок. Иракта парламенттин өкмөттү колдогон саясатына каршы демонстрациялар эки айдан бери уланууда.
Өлкө түштүгүндөгү Дивания шаарындагы каршылык акциясына чыккандардын бири «Абдел Махдинин кетүүсү коррупциялашкан бийликти кулатуунун биринчи эле кадамы. Бул режим толугу менен талкаланып, бизди жумуш, жарык, суу менен камсыз кылмайынча токтобойбуз» деп билдирди.
30-ноябрда митингчилер Насирия шаарындагы полиция имаратына бараткан маалда кагылышуу чыгып, 16 адам жарадар болду.
Багдаддын тургундары октябрдын башынан бери өкмөттүн кетишин, жумуш орундарын ачууну, коррупцияны токтотууну жана коомдук кызматтардын өнүктүрүүнү талап кылып, тынымсыз демонстрацияларга чыгышууда. 400дөн ашуун киши каршылык акциялары маалында каза болушту. 77 жаштагы Махди бийликке бир жыл мурда келген. (BCh)