Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:35

AI: Ирандагы кагылышууда каза болгондордун саны 161ге жетти


"Amnesty International" («Эл аралык мунапыс») эл аралык укук коргоо уюмунун эсебине ылайык, Ирандагы толкундоолордо өлгөндөрдүн саны 143төн 161ге өстү.

«“Amnesty International" ишеничтүү маалыматтарга таянып, Иранда нааразылык акцияларына катышкан 161 киши өлгөнүн билдирет», - деп жазылат кыскача кайрылууда. Башкы кеңсеси Лондондо жайгашкан эл аралык уюм каза болгондордун саны мындан дагы көп болушу мүмкүн экенин кошумчалады.

Азыр аймакта Интернет өчүрүлгөндүктөн окуялар боюнча толук маалыматтар жок. Бийлик тополоңдо өлгөндөрдүн санын расмий жарыялай элек. Толкундоолор өлкөдө полиция бөлүмдөрүнө чабуул, май куючу жайларды өрттөө, дүкөндөрдү тоноо менен коштолду.

Иранда толкундоо өкмөт бензиндин баасын көтөрүп, күйүүчү майга чектөө киргизүү тууралуу чечимин жарыялаган соң 15-ноябрда башталган. Ал 100гө чукул шаар-кыштакка жайылганы кабарланган. Тегерандын расмий маалыматы боюнча массалык акцияларда беш киши каза таап, 180 адам кармалган. Буга чейин «Human Rights Watch» (HRW) эл аралык укук коргоо уюму нааразылык учурунда 140тай киши өлүп, 7 миңдей киши кармалганын билдиришкен.

Ирандын жетекчилиги «демонстрациялардын артында чет өлкөлөр, ичинде АКШ, Израил, Сауд Арабиясы турат» деп аларды айыптоодо.

XS
SM
MD
LG