Франция, Германия жана Британия INSTEX (Instrument in Support of Trade Exchanges) төлөм ыкмасына Белгия, Дания, Финляндия, Нидерланд, Норвегия жана Швеция да кошулганын билдирди. Бул система АКШнын Иранга каршы санкциясын кыйгап өтүп, Тегеран менен соода-сатык жүргүзүүгө жол берет. Тактап айтканда, кара май, азык-түлүк, дары-дармек сатуу жана алуу алмашуу ыкмасы аркылуу ишке ашат.
Тегеран менен Вашингтондун мамилеси Ирандын өзөктүк программасын чектеген, дүйнөлүк алты державанын ортосунда 2015-жылы түзүлгөн келишимден былтыр АКШ чыгып кеткенден бери чыңалып жатат. Вашингтон ошондон тартып Иранга буга чейин болуп көрбөгөндөй санкцияларды киргизсе, Тегеран ага жооп катары келишимде өзүнө алган милденттенмелерин азайта баштаган.
2015-жылы Иран менен дүйнөнүн алты державасы - АКШ, Британия, Франция, Орусия, Кытай жана Германия кол койгон келишимге ылайык, Иран өзөктүк программасын чектеп, Тегеранга салынган эл аралык санкциялар да алынган болчу.
INSTEX системасын Париж, Берлин жана Лондон быйыл жыл башында түзүшкөн жана башында Иран элин колдоо үчүн, гуманитардык багытта пайдаланары айтылган. АКШ бул системага караманча каршы болуп келет.