Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов бардык облустарда мамлекеттик медиа борборлорду түзүү жөнүндө буйрукка кол койду. Бул тууралуу министр Жаманкулов өзү маалымдады.
Буйрукка ылайык, ар бир облустук мамлекеттик телерадио берүү мекемесинин базасында облустук медиа борбор түзүлөт. Бардык райондук мамлекеттик гезиттер жоюлуп, медиа борбор жаңылыктарды телеканал, гезит, сайт, басма сөз борбору аркылуу жалпы чагылдырашат. Ар бир райондо экиден кабарчы болот.
Маданият, маалымат жана туризм министрлиги бардык кабарчылар заманбап маалымат берүү боюнча ар кандай окуулардан өткөнүн жана маянасы көтөрүлөрүн белгилейт. Борбор жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттарын заман талабына ылайык иштетүүгө шарт түзүү максатында түзүлгөн. (TSh)