Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:28

Маданият министрлиги сүрөт музейиндеги иш-чарага каршы чыкты


Сүрөт музейи.
Сүрөт музейи.

Маданият, маалымат жана туризм министрлиги Бишкектеги Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинде уюштурулган феминнале боюнча түшүндүрмө берди.

Министрликтин басма сөз кызматы тараткан маалыматка караганда, иш-чаранын уюштуруучулары музейдин имаратын ижарага алышканы, алар аялдардын экономикалык эркиндиги боюнча темага коомчулуктун көңүлүн бурууну максат кылышканы айтылат.

Маалыматка ылайык, экспозиция толугу менен уюштуруучулардын (ижарага алуучулардын) ойлогон оюна ылайык түзүлгөн жана ал коомчулук арасында талаш-талкуунун пайда болуусуна шарт түздү.

«Маданият, маалымат жана туризм министрлиги искусство үйүндө жылаңач денесин көрсөткөн кыздардын болушуна каршылыгын билдирет жана заманбап искусствонун мындай чагымчыл чакырыктарын колдобойт», деп айтылат маалыматта.

Министрлик музейдин директору бул иш-чараны өткөрүү боюнча министрлик менен макулдашпаганын, ага көргөзмөнү уюштурууда музейдин илимий-методикалык кеңеши менен кеңешүү керек экендиги эскертилгенин билдирди. Андан тышкары маданият, маалымат жана туризм министри бул маселени кароо боюнча комиссия түзүүнү тапшырган.

Ал эми жарандык активисттер бүгүн, 2-декабрда Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдына нааразылык акцияга чыгып өз талаптарын коюшууда. Алардын бири Мелис Аспеков буларды айтты.

- Биринчи талап - музейдин директору Мира Жангарачева кызматтан кетсин. Премьер-министр маданият, маалымат жана туризм министрине катуу сөгүш берип, музейде болуп жаткан иш-чара токтотулсун.

Аспеков аларды министр Азамат Жаманкулов кабыл алып жатканын билдирди.

Бишкектеги Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинде феминнале 27-ноябрда башталган. Анда аялдардын укугун коргоо иретинде жылаңач денесин көрсөткөн кыздар социалдык тармактарда талкууга түштү. (BTo)

XS
SM
MD
LG