Испаниянын Мадрид шаарында 2-декабрда Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) климаттын өзгөрүшүнө арналган эки жумалык саммити башталды. Бул жыл сайын өтө турган иш-чарага 200дөй өлкөнүн өкүлдөрү катышууда. Анда климаттын өзгөрүшүнө каршы макулдашылган эрежелер менен чараларды иштеп чыгуу каралган.
Саммиттин алдында БУУнун баш катчысы Антонио Гуттериш соңку беш жылда дүйнө жүзү боюнча аба ырайы болуп көрбөгөндөй жылыганын, ал эми 2019-жыл эң ысык жыл катары тарыхта калышы ыктымал экенин эскертти. Ал «дүйнө жаратылыш менен кармашканын токтотуп, климаттын өзгөрүшүнө каршы көбүрөөк саясий эркин көрсөтүшү керек» деп айтты. Гуттериш ошондой эле 2015-жылда кабыл алынган Париж келишимин так аткаруу зарыл экенин белгиледи.
Саммит маалында «Extinction Rebellion» (Жоголуп бараткандардын козголоңу) экологиялык кыймылы нааразылык акцияларын уюштурганы жатат. Андан сырткары балалуу энелер эгер дүйнө лидерлери климаттын өзгөрүшүнө каршы азыр чара көрбөсө, анын кесепети кийинки муунга тиерин эскертип, Мадриддин көчөлөрүндө балдарын эмизип акция өткөрмөкчү.
Бул саммит негизи Чилинин борбору Сантьягодо өтүшү керек эле, бирок ал жакта өкмөткө каршы жапырт нааразылык акцияларынан улам Испанияга которулган.