Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:38

Мальтада өкмөт башчы жаңы жылда кызматтан кетерин жарыялады


Мальтадагы нааразылык акциясы.
Мальтадагы нааразылык акциясы.

Мальтанын премьер-министри Йозеф Мускат январдын ортосунда кызматын тапшырарын 1-декабрда билдирди. Мунун алдында мындан эки жыл илгери киши колдуу болгон иликтөөчү журналист Дафне Каруана Галициянын ишин иликтөөдө жаңы жагдайлар ачыкка чыккан жана анда өкмөттөгү бир катар министрлер менен премьердин айрым жакын адамдарынын аттары аталган эле.

Премьердин кызматтан кетишин талап кылган демонстранттар болсо Мускаттын кызматтан дароо кетишин талап кылышууда. Ал бийликтеги Лейбористтер партиясынын төрагасына 2020-жылдын 12-январынан тартып жаңы лидерди тандоо процессин баштоо тууралуу арыз жазарын белгиледи.

Мальтада өкмөт башчынын кызматтан кетишин талап кылган чакырыктар 30-ноябрда белгилүү ишкерге айып коюлгандан кийин күчөдү. Буга чейин Йорген Фенектин өкмөттө таасирдүү байланыштары бар экени белгилүү болчу.

Премьердин аппарат башчысы Кит Шембри 26-ноябрда кызматынан кетип, камакка алынган. Ошол эле күнү туризм министри Конрад Мицци, анын артынан экономика министри Кристиан Кардона иликтөө аяктагыча кызматын тапшырарын билдирген.

Коррупциянын бетин ачкан иликтөөчү журналист Галициянын машинеси баш калаа Валеттада 2017-жылдын октябрында жардырылган. Жакында кылмышка ортомчулук кылган деген ири ишкер кармалып, бул иште кызыкчылыгы бар деген бир топ ысымдарды жарыялаган.

XS
SM
MD
LG