Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:12

Гонконгдо өкмөткө каршы нааразылык токтой элек


Гонконгдо бир канча айдан бери нааразылык акциялары өтүп жатат.
Гонконгдо бир канча айдан бери нааразылык акциялары өтүп жатат.

Шаардын борборунда 2-декабрда чак түштө кеңсе кызматкерлери көчөгө чыгып, бир канча айдан бери нааразылык акцияларын уюштуруп жаткандарга тилектештик билдиришти. Анын алдында революциялык ураандарды чакырып, «Гонконгдун боштондугун» талап кылган миңдеген адамдарды полиция күч менен таркаткан жана көздөн жаш агызган газ колдонгон. Тоз-тополоң бир нече демонстрант камакка алынган.

Бул өткөн айдын аягында жергиликтүү кеңештерге өткөн шайлоодон берки алгачкы калайман нааразылык акциясы болуп калды.

Гонконгдо 24-ноябрда 18 райондук кеңеште шайлоо өтүп, анда демократиялык күчтөрдүн өкүлдөрү 452 орундун 396сын, тактап айтканда дээрлик 90 пайызын жеңип алган. Муну оппозиция өз жеңиши катары сыпаттаган. Мандат алгандардын катарында бир канча айдан бери Гонконгдогу бийликке каршы нааразылык акцияларын уюштурган лидерлер да болгон.

Гонконгдо бир канча айдан бери миңдеген адамдарды көчөгө чыгарган нааразылыкка кылмышка шектүүлөрдү Кытайга өткөрүп берүүгө жол ачкан мыйзам долбоору себеп болгон. Кийин жаңжалдын башкы себепкери болгон бул документти шаар жетекчилиги парламенттен биротоло кайтарып алган. Бирок демонстранттар Бээжиндин саясатынан чыкпаган жетекчилердин иштен кетишин, нааразылык акцияларында камалгандардын бошотулушун, ашкере күч колдонгон полиция кызматкерлеринин жазаланышын талап кылып жатышат.

XS
SM
MD
LG