Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:15

Жактоочу: Аскаровдун жазасы айрым беренелерге ылайык жумшартылды


Азимжан Аскаров.
Азимжан Аскаров.

2-декабрда Жогорку сотто июнь окуясы үчүн өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган Азимжан Аскаровдун адвокаттарынын кассациялык арызы каралды. Бул тууралуу Аскаровдун жактоочусу Валерьян Вахитов «Азаттык» радиосуна маалымдады.

Анын айтымында, жактоочулардын арызындагы айрым беренелерге декриминализация колдонулду. Тактап айтканда, «Массалык башаламандыкты уюштуруу» беренесинин жаза жылы азайтылып, «Улутуна карап киши өлтүрүү» беренеси «Киши өлтүрүү» беренесине алмаштырылды.

Вахитов 3-декабрда Аскаров менен жолугарын, мындан аркы кадамдары боюнча сүйлөшөрүн кошумчалады.

Буга чейин Азимжан Аскаров премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевге кайрылып, Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча комитетинин пикирине байланыштуу кандай иштер аткарылганы тууралуу маалымат берүүнү өтүнгөн.

БУУнун комитети Аскаровго айып коюу жана соттоо жараянында бир катар мыйзам бузуу фактылары болгону жазылган. Кыргыз өкмөтү бул тууралуу комментарий берген эмес.

Жалалабаддык укук коргоочу Азимжан Аскаров «Базар-Коргондо 2010-жылдагы кандуу калабаны уюштурган» деген сыяктуу бир нече оор беренелер менен айыпталып, өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган. Ал азыр Чүйдүн Жаңы-Жер айылындагы №19 абакта кармалууда.

Бир катар эл аралык укук коргоо уюмдары Аскаров жалган жалаа менен камалганын, ден соолугу начарлап кеткенин, аны бошотуп, дарылоого жөнөтүү керек экенин айтып келатышат. (TSh)

XS
SM
MD
LG