Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Март, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:11

Базар-Коргондо миграцияда жүргөн жаштар мектепке эмерек сатып беришти

Мигранттар алып берген эмерек.
Мигранттар алып берген эмерек.

Райондун Каба айылындагы №32 Жоробай Канашов атындагы орто мектебине айылдын Орусияда иштеп жүргөн мигрант жаштары биригип, эмерек алып беришти.

Мектеп директору Манзура Эгембердиева «Азаттык» радиосуна билдиргендей, билим уясындагы отургучтардын эскилиги жетип, тартыштык бар.

- Мектепте окуп кеткен бүтүрүүчүлөр ал көйгөйдү билип, эки окуу канаасына толугу менен стол-стулдарды сатып беришти. Бирок азыр да мектепте эмерек тартыштыгы жоюлган жок , – деди Эгембердиева.

Аталган мектеп 1968-жылы 60 окуучуга ылайыкталып салынган. 1993-жылы жанына ашар жолу менен кошумча дагы имарат курулган. Былтыр Өзгөчө кырдаалдар министрлиги «окууга жараксыз» деп бүтүм чыгарган мектепте учурда 400гө чукул бала эки нөөмөттө билим алууда.

Ушул эле райондун Жедигер айылына мигрант жаштар биригип, көчөдөгү эски мамычаларды толугу менен алмаштырып беришти. Мигранттар бул иштерге 150 миң сом каражат которушкан. (RsK)

XS
SM
MD
LG