Кыргыз тилинин фразеологиялык сөздүгүнүн онлайн версиясы түзүлдү. Авторлордун бири, «Биздин Мурас» коомдук фондунун директору Чоробек Сааданбеков билдиргендей, сөздүктө фразеологизмдердин чечмелениши көркөм адабияттан жана гезит-журналдан алынган мисалдар менен коштолот.
Онлайн сөздүк - Улуттук илимдер академиясынын Чыңгыз Айтматов атындагы кыргыз тил жана адабият институту менен «Эл-Сөздүк» онлайн сөздүгүнүн биргелешкен долбоору.
- «Кыргыз тилинин фразеологиялык сөздүгү» - өнөктөштүктүн алгачкы эле кадамы. Кыргыз тил институтунун башчысы, профессор Абдылдажан Акматалиевдин демилгеси менен жакында Интернеттеги «Эл-Сөздүктүн» базасына «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», «Манас» эпосунун сөздүгү», «Синонимдер сөздүгү», «Антонимдер сөздүгү» кошулат, - деди Сааданбеков.