Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Февраль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:38

Музейдин кызматкерлери Жангарачева боюнча президентке кайрылышты


Мира Жангарачева.
Мира Жангарачева.

Бишкектеги Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинин эмгек жааматы мурдагы директору Мира Жангарачеваны кайра кызматка алып келүүнү суранып, президент Сооронбай Жээнбековго кайрылышты. Кызматкерлердин колу коюлган тиешелүү кайрылуу музейдин «Фейсбуктагы» расмий баракчасына илинди.

Анда Мира Жангарачева кызматка киришкенден тартып маданий мурастарды сактоо боюнча алгылыктуу иштер жасалып, музейдин ишин коомдун ар кыл катмарына жеткирүү боюнча жакшы иштер жасалганы белгиленет. Мурда жабылып калган долбоорлор жанданып, эл аралык уюмдар менен иштешүү да жолго коюлганы айтылган.

Мира Жангарачева жарандык активисттер 2-декабрда Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейиндеги феминналеге каршы Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдына нааразылык акциясына чыккандан кийин жумуштан кеткен.

Коомчулукта феминналедеги жылаңач денесин көрсөткөн кыз, аялдын тулку боюн көрсөткөн машыгуучу сөлөкөт жана ич кийимдердин коюлушу талкууланып жатат.

Жангарачева бул иш-чарадан кийин музейдин кызматкерлери менен феминналенин уюштуруучуларынын коопсуздугунан камсанып жатканын айтып, кызматтан кетүү боюнча арыз жазган. Ага маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов 2-декабрда кол койгон. (BTo)

XS
SM
MD
LG