Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:36

«NewTV» каналынын журналисттерине кол салуу болду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкектин Ак-Ордо конушуна сюжет тартканы барган «NewTV» телеканалынын журналисти Дүйшөн Шаршенбековго, оператор Калыбек Абдумомутовго жана каналдын айдоочусу Курсантбек Мартикеевге кол салуу болду. Бул тууралуу «NewTVнин» сайтына жарыяланды.

Журналист Дүйшөн Шаршенбековдун «Азаттыкка» берген маалыматына караганда, алар Бишкек мэриясынын Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгынын, «Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери менен Ак-Ордодо мыйзамсыз курулган автоунаанын майын алмаштыруучу жайды түрттүрүүнү тартыш үчүн барышкан.

Жерди ижарага алып иштеткен май алмаштыруучу жайдын кожоюндары журналисттердин ишине тоскоолдук кылып, камераны талкалап салышкан.

- Биз өз ишибизди гана аткарып жатканбыз. Ижарачылар келип кол көтөрүштү. Камера «NewTV» телеканалынын мүлкү болгондуктан оператор Ленин райондук ички иштер башкармалыгына арыз жазды, - деди Шаршенбеков.

«NewTV» телеканалы май куюучу жайдын ээси журналисттерди автоунаасы менен сүздүрүп, окуя болгон жерден кетип калганын билдирди. Ал эми экинчи тарап азырынча маалымат бере элек. (BTo)

XS
SM
MD
LG