Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:26

Сириядагы кыргызстандыктардын тек-жайы такталып бүтө элек


Сириядагы лагерлер турган жер. Жаандан кийинки көрүнүш. 2-декабрь, 2019-жыл.
Сириядагы лагерлер турган жер. Жаандан кийинки көрүнүш. 2-декабрь, 2019-жыл.

Сириядагы кыргызстандыктардын тек-жайы такталып бүтө элек. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) бул багыттагы иштердин экинчи фазасы жүрүп жатканын «Азаттык» радиосуна 2-декабрда маалымдаган.

Сириядагы, Ирактагы кыргызстандыктарды мекенине алып келиш үчүн эл аралык уюмдар менен сүйлөшүүлөр Кыргызстандын Түркиядагы дипломатиялык корпусу аркылуу жүрүп жатканын өкмөт мурда кабарлаган. Баштапкы маалыматтарга ылайык, аялдар жана балдар күзүндө алынып келиши керек болчу, бирок азырынча ал ишке аша элек. Коңшу Казакстан менен Өзбекстан ал жактагы жарандарын алып келүүнү 2019-жыл башынан бери улантууда. Тажикстан да балдарды алып келген.

Сириядагы апааттан качкандардын көбү Түркияга чектеш жердеги лагерлерде отурушат. Эл аралык уюмдардын маалыматына караганда, 70 миңдей кишинин 90% аялдар жана балдар. Арасында чет өлкөлүктөр - 12 миң. Андан тышкары Ирактагы түрмөлөрдө да кыргызстандыктар бар экени айтылган. Жалпысынан ал жакта 54 мамлекеттин жарандары бар.

Расмий маалыматтар боюнча, «Ислам мамлекети» террордук тобуна кошулганы Кыргызстандан 800дөй киши кеткен. 200гө жакыны ошол жакта каза болду. (SE)

XS
SM
MD
LG