Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:37

«Журналисттер»: «NewTV» жетекчилиги маселени өз ара чечүүгө барбашы керек


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

«Журналисттер» коомдук бирикмеси «NewTV» телеканалынын кабарчылары кабылган жагдайга тыкыр көз салат.

- Биз окуяны Жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана журналисттердин укук тарынын бузуушуна мониторинг жүргүзүү долбоорунун алкагында каттоого алдык. Чүй жана Бишкек шаары боюнча өкүлүбүз тийиштүү маалыматтарды чогултат. Биздин өтүнүч - телеканал жетекчилиги маселени өз ара чечүүгө барбашы керек, - деди уюмдун жетекчиси Марс Төлөгөнов.

Каналдын кабарчысы Дуйшөн Шаршенбековго, оператор Калыбек Абдумомутовго жана айдоочу Курсантбек Мартикеевге 3-декабрда Бишкектин Ак-Ордо конушунда кол салышкан. Алар мэрия кызматкерлери менен чогуу конушта мыйзамсыз курулган автоунаанын майын алмаштыруучу жайды түрттүрүүнү видеого тартыш үчүн барышкан. Ал жердин кожоюндары журналисттердин ишине тоскоолдук кылып, камераны талкалап салышкан.

Экинчи тарап окуянын чоо-жайы жөнүндө маалымат бере элек.

Оператор Ленин райондук ички иштер бөлүмүнө арыз жазган. (SE)

XS
SM
MD
LG