Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:53

Кыргыз паспорту Орусияда бизнеске айланганы парламентте айтылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргыз паспорту Орусияда бизнеске айланганы Жогорку Кеңеште айтылды. Вице-спикер Аида Касымалиева парламенттин жалпы жыйынында Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчилигине кайрылып, жакында Санкт-Петербург шаарында мекендештер менен жолугуп келгенин, Кыргызстандын паспортун башка өлкөлөрдүн жарандарына сатып жаткандар көп экенин айтты:

- Кыргыз паспорту бизнеске айланды. Өзбекстандан барган мигранттар кыргыз паспортун жарнамалап сатып жатат. Кылмыш кылган адам кармалып калса анын паспорту Кыргызстандан, көбүнчөсү Сузактан берилген деп чыгып жатат. Текшергенде «жасалма паспорт эмес» деп пин туура чыгып жатат. Системаны текшергенде «жакынкы арада Кыргызстанда чыгарылган» деп көрсөтүүдө.

Мамлекеттик каттоо кызматы депутаттын дооматтарын четке кагууда. Мекеменин башчысы Алмаз Мамбетов азыр кыргыз паспортун мыйзамсыз жазып берүү дээрлик мүмкүн эмес экенин билдирди:

- Бизде азыр киши өзү келип, биометрикасын бермейинче бирөө да паспорт ала албайт.

Мамбетов «паспортту жасоо жана паспортту мыйзамсыз жазып берүү деген эки башка нерсе экенин» айтып, эгер жасалма фактылары болсо аны милиция текшериши керек экенин белгиледи.

Жыл башынан бери Кыргызстанда мыйзамсыз паспорт берүү фактысына байланыштуу 36 кылмыш иши козголгону жакында расмий айтылган. (RK)

XS
SM
MD
LG